Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Аялдардын чачына тагылуучу же чекесине тартып кийүүчү алтын, күмүштөн ж. б. жасалган кооздук жасалга. Алтындан баргек сөйкөнү Асемдеп сага тагайын (Жантөшев). 2. өт. Медерим, бар байлыгым, сөөлөт берээрим деген мааниде колдонулат. Жылкыга кеткен ал Сейтек Маңдайымда баргегим, Жалгыз туума айнегим («Сейтек»). Маңдайда баргек тынарым, Бар күйүп кетип ичимден, Балам Манас, байкачы, Мен дагы журтумду ойлоп турамын («Манас»).